Дүйнө чемпиондугунда таэквондо боюнча курама команда 7 медаль жеңди

Дүйнө чемпиондугунда таэквон-до ITF боюнча курама команда 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, таэквон-до ITF боюнча курама команданын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн 22-Дүйнө чемпиондугунда 1 күмүш жана 6 коло жеңди.
Мелдеш 19-26-август күндөрү өтүп, жалпы 68 өлкөдөн келген спортчулар катышканы айтылат.
"65 килограммга чейинки салмакта Рамиз Дайстроков өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча күмүш медалга ээ болду.
65 килограммга чейинки салмакта Айназик Абдужаббирова өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун;
Ардагерлер арсында 62 килограммга чейинки салмакта Гүлзара Михманова спарринг боюнча 3-орун;
64 килограммга чейинки салмакта Элиза Шаршекеева өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун;
63 килограммга чейинки салмакта Петренко Владислав өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча жана юниорлор арасында жеке техникасы боюнча 3-орун;
69 килограммга чейинки салмакта Муслим Толкумбаев өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орунду алган", - деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышканы кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан