Сурдо спорттук күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугунда 2 медаль жеңди

Дүйнө чемпиондугунда сурдо спорттук күрөшү боюнча жаштар курама командасы 2 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сурдо грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда 1 алтын жана 1 күмүш жеңди.

60 килограммга чейинки салмакта Абдрасул Исмаилов алтын медаль тагынды. Ал эми Сыймык Чолпонбек уулу 67 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медалга ээ болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан