Футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Кыргыз курамасы Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алуу үчүн Мьянма менен ойноду.
Оюн бүгүн, 6-сентябрда Түштүк Кореянын Чханвон шаарында өттү. Биринчи бөлүктө Мьянма курамасы 1:0 эсебинде алдыга чыкса, экинчи бөлүктө Кыргыз курамасынан Християн Браузман эсеп санын теңеди.
Жыйынтыгында оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Муну менен Кыргыз курамасы керектүү делген үч упайды ала албай калды.
Эми Кыргыз курамасы Түштүк Корея жана Катар менен ойнойт.