Өлкө аймагында сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, республика аймактарында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган.
- Жалал-Абад облусунда 4,
- Ысык-Көл облусу 1,
- Ош облусунда 4,
- Чүй облусунда 2,
- Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.