Кыргызстан салттуу жаа атуу боюнча эл аралык турнирде 9 байгеге ээ болду. Бул тууралуу "Салбуурун" федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-3-сентябрда Казакстандын Алматы шаарында "Улуу дала кошпендилер алеми" аттуу түрк тилдүү элдердин этно-фестивалы болуп өттү. Иш-чарага жалпы 7 өлкөнүн спортчулары катышты. Иш-чарада ойнотулган 12 медалдын 9 медалын Кыргызстандын жаачылары жеңип алып, биринчи орунга ээ болушту.
Кыргызстан жеңген 9 медалдын 7 медалын "Салбуурун" федерациясынын курама командасы жана жаш жаачылар жеңди.
Кыргызстандын атынан катышкан жаачылардын тизмеси: