Кечээ, 7-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эмираттык "Аль-Наср" клубу менен достук мелдешин өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалым болгондой, Штефан Таркович жетектеген улуттук курама Бириккен Араб Эмиратынын "Аль-Наср" клубуна 1:0 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голду эмираттык клуб оюндун 86-мүнөтүндө киргизди.
Беттеш "Аль-Мактум" стадионунда өттү.
Эми Кыргызстандын улуттук курама командасы 12-сентябрда Кувейттин курамасы менен оюн талаасына чыгат.