Черногорияда бир орунда жатуу боюнча салттуу чемпионат үчүнчү жума уланууда. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
18-августта Брезна курорттук айылында салтка айланган жалкоолук боюнча чемпионат башталган. Анда “Эң жалкоо атуул” наамы жана 1000 евро үчүн сынактын 20-күнүндө 21 катышуучудан жетөө гана калды. Бирок жаңы рекорд коюлду.
Буга чейинки рекорд 38 жаштагы Дубравка Аксичке таандык болчу. Ал 2021-жылы 117 саат бир жерде жаткан.
Чемпионаттын катышуучуларына турууга же отурууга уруксат берилбейт жана ар бир 8 саат сайын дааратканага барууга 10 мүнөт гана берилет. Алар уюлдук телефондорду жана ноутбуктарды колдоно алышат.