УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгына эки кызматтык автоунаа тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ташиев облустук милицияга Мерседес Спринтер жана Тойота Королла үлгүсүндөгү унааларды тапшырган. Унааларды облустук милициянын атайын багыттагы полкунун кызматкерлери пайдаланат.
Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облустук милициясынын өздүк курамы жана ИИМ ардагерлери катышты.
Камчыбек Ташиев өздүк курам менен жакындан баарлашып, суроо-талаптарын угуп, маселелерди ыкчам чечүү тапшырмасын тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди.