Биз социалдык тармакта

БШК жарандарды Ленин округундагы шайлоого активдүү катышууга чакырды

Бүгүн, 10-сентябрда саат 08:00дө №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо башталды.

Бул шайлоого 24 талапкер катталган, анын 19у эркек, 5и аял. Шайлоочулардын саны 127 миң 239 адамды түздү.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары саат 20:00гө чейин 51 шайлоо участкасында добуш бере алышат.

"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек шаарынын Ленин районунун шайлоочуларын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайталап шайлоого активдүү катышууга чакырат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2023-09-10 12:18:00
Толку жок депутат болот деп эч ким баргысы жок шайлоого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан