Жалал-Абад шаарында жайгашкан Борбор Азиянын "Барселона" футболдук клубунун биринчи академиясына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган клуб 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алат жана 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларга тандоону жарыялаган. Балдарды жана оюнчуларды жеринен кабыл алуу 15-сентябрда академиянын аймагында өтөт.
Мекемеден билидиришкендей, жаш футболчуларга испандык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле академиянын окуучулары эл аралык мектепте европалык окутуу системасы боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Академияга кабыл алуунун башка шарттары менен жеринде таанышууга болот.
Катталуу үчүн шилтеме: https://shorturl.at/rDESY
Кененирээк маалымат: +996503440550, +996550045350, +996707 723 700
Дареги: Жалал-Абад шаары, Каныбек Ташиев көчөсү, 1.