Коңшу Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына карата Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын акыркы курамы белгилүү болду.
Кыргыз курама командасынын акыркы тизмесине 12 оюнчу кирген. Кыргыз курамасы тайпалык баскычта Кытай жана Казакстан менен беттешет. Ар бир тайпадан 2ден команда плей-оффко чыгат.
Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын курамы: Кутман Абсатаров, Жамалидин Мусаев, Медетбек Эргеш уулу;
Блок коюучулар: Нурислам Медетбек уулу, Роман Шилов, Баястан Жыргалбек уулу;
Чабуулчулар: Нурмухаммед Токтоев, Темир Муса уулу, Өмүрбек Жунусов, Жантемир Жээнбек уулу;
Диагональ: Оңол Каныбек уулу (капитан), Дамир Газинур уулу.
Азия оюндары 23-сентябрда башталат.