Белгилүү франциялык футболчудан допинг аныкталды

Италиянын "Ювентус" футболдук клубунун оюнчусу Поль Погбадан допинг аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Удинезе" клубуна каршы оюндан кийин футболчунун денесинен өтө жогору болгон тестостерона аныкталган. Эми футболчу төрт жылга чейин футболдон четтетилиши мүмкүн.

"Удинезе" менен "Ювентустун" беттеши 20-августта өтүп, оюн 3:0 эсебинде туриндик клубдун жеңиши менен аяктаган. Поль Погба бул оюнда талаага чыккан эмес.

Өткөн сезондо 30 жаштагы футболчу алган жаракатынан улам болгону 10 беттеш өткөрүп, 1 жолу голдук пас чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан