Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы кечээ, 11-сентябрда Дубайда Кувейтке каршы ойноп, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Оюн Дубайдагы "Севенс" стадионунда өттү. Кыргыз курамасынан голдорду 43-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизсе, Жоэль Кожо 70 жана 88-мүнөттө эки гол киргизип, жеңиш алып келди.
Белгилей кетсек, бул Жоэль Кожонун улуттук курамадагы дебюттук голу.