Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн мекеменин Талас облустук башкармалыгы тарабынан Т.Г.Т. аттуу жаранга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз акча алмаштырган З.Т. аттуу жаранга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.