Биз социалдык тармакта

Жума күнгө карата аба ырайы

Эртең, 15-сентябрда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Белгиленгендей, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25 градус,

Талас аймагында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23 даража жылуу болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 болсо,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25 градуска жетет.

Борбор калаа Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градус болот.

Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, сел жүрө турганын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан