Өлкөдө эт 2022-жылга салыштырмалуу 1,3 пайызга көп өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2023-жылдын 1-сентябрына карата республикада 266,8 миң тонна эт өндүрүлгөн.
“Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 484 тоннага же 1,3 пайызга көп өндүрүлгөн дегенди билдирет”, - деп айтылат маалыматта.