Кантта темир жолдогу коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 13-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант мэриясында темир жолчулар жергиликтүү тургундарга, билим берүү мекемелеринин жана мектептердин окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ага ылайык, кырсыктын негизги себептери болуп темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы эсептелет.
"Кырсыкты алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 800 чарчы метрден 1200 чарчы метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт. Темир жолго бөтөн нерселерди, таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары дагы эле катталууда. Мына ушулардын бардыгы поезддердин участокто кечиктирилишине, поезддердин графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келет", - деп айтылган маалыматта.