Биз социалдык тармакта

Бишкекте тротуардын курулушуна тоскоол болгон объектилер алынууда (сүрөт)

Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнөн баштап Ибраимов көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоолдук жараткан объектилерди бузуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

"Иштин жүрүшүндө 7 капиталдык кирүүчү кошумча курулуш жана 13 жеңил типтеги объекттилер демонтаждалат. Ошондой эле 15тен ашык жарнамалык конструкция алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Аkjol18
2023-09-15 11:14:00
Тротуарга чыгып алса бузулушу керек, бирок бизнеске да шарт түзүлсө жакшы болмок. Үйлөр менен тротуардын ортосундагы аралыкка чектөө менен уруксат берилиши керек
0
Аkjol18
2023-09-15 11:15:00
Бөрк ал десе, башты кошуп алгандай болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан