Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда Баткенде курман болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн, 14-сентябрда Жалал-Абад облусунда былтыр Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон жоокерлер эскерилди. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага маркумдардын жакындары, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, УКМКнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сапарбек Токтосунов, облус мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Иш-чарада облус башчысы жоокерлердин жакындарына көнүл айтып, мындан ары өлкөдө ар дайым тынчтык болуусун тилеп, эл-жердин бүтүндүгү үчүн өз жанын аябаган эр азаматтардын элеси түбөлүккө сакталаарын белгиледи. Ошондой эле ал маркум жоокерлердин жакындарына облустук, райондук жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлгөн акчалай колдоолорду тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган.

Жалал-Абад облусунан жалпы 10 жоокер курман болгон. Алардын жакындарына мамлекет тарабынан Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир жана акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан