Кыргызстандын таэквондочулары Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандын таэквондочулары 2-8-сентябрь күндөрү Бейрутта (Ливан) өткөн таэквондо WT боюнча өспүрүмдөр жана кадеттер арасындагы Азия чемпиондугунда ийгиликтерди жаратышты.
Ага ылайык, Кыргыз таэквондочулары өлкөнүн тарыхында биринчи жолу престиждүү турнирдин жеңүүчүлөрү болушту:
Богдан Пягай күмүш, Айзирек Курманбекова коло медалга ээ болушту.
"Кыргызстандын кадет командасынын башкы машыктыруучусу Азим Таджибаев (Р. Санатбаев атындагы СДЮШОР), жеке машыктыруучусу Адилхан Абдрахимов («Уя»).
Азия чемпионатына континенттин 30 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу катышты",- деп айтылат маалыматта.