Жеңиш мен тарапта болду деп ойлогом. Мындай пикирин Валентина Шевченко Алекса Грассо менен болгон беттештен кийин билдирди.
"Менин оюм боюнча, эсеп менин пайдама 3:2 болду. Калыстар басым болуп жатканын сезишти окшойт, себеби бүгүн Мексиканын Эгемендүүлүк күнү. Ошондуктан алар мексикалык мушкерге дагы бир раунд беришти. Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок", - деди Шевченко.
Ал эми Грассо соккулары атаандашына караганда күчтүү болгонун, муну ал жеңиш деп эсептей турганын билдирди. Ошондой эле ал Шевченко экөөнүн күч сынашуусуна биротоло чекит коюу үчүн кайрадан рингге чыгабы же жокпу, азырынча белгисиз экенин айтты.
"Азырынча айта албайм. Машыктыруучу, менеджерлерим менен кеңешебиз, андан кийин көрөбүз", - деди Грассо.