Өзбекстанда Chevrolet Spark унаасына 25 баланы салып алган айдоочу кармалды (видео)

Коңшу Өзбекстандын Бухара облусунун Гиждуван районунда менчик бала бакчанын тарбиячысы Chevrolet Spark унаасы менен 25 баланы ташып бара жатканда токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, балдар, анын ичинде башталгыч мектепке чейинки курактагылар, арткы орундукта, алдыңкы орунда жана багажда болушкан. Аял полицияга көп сандаган кичинекей жүргүнчүлөрдүн үйлөрү бакчага жакын экенин жана мындай сандагы балдарды биринчи жолу салып алганын айткан.

Окуя боюнча маалымат тараткан полициянын басма сөз кызматы балдардын ата-энелерин балдарын бала бакчага жеткирип, кайра алып кете албай жатканы үчүн жемеледи.

Унаанын айдоочусу кандай жаза менен жазаланганы тууралуу маалымат жок.

Өзбекстан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан