
Кыргызстанда орточо маянанын көлөмү 32 146 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында жарыяланды.
Мындай көрсөткүч январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча чыгарылган.
"2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,2 пайызга өстү, эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 13,2 пайызга жогорулады”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, эмгек акы мамлекеттик башкаруу жана коргоо, социалдык камсыздандыруу (72,8 пайыз), административдик ишмердүүлүк (43,9), искусство, көңүл ачуучу жана эс алуучу (35,9) тармактарында кыйла жогорулаганы байкалган.