18 жаштагы окуучу Кыргызстанда машыккандан кийин UFC'де атаандашын нокаут кулатты (видео)

Мексикалык 18 жаштагы мушкер Рауль Росас UFC уюмундагы үчүнчү беттешинде атаандашын техникалык нокут менен утту.

Рауль Росас бир мүнөткө жетпеген убакытта 33 жаштагы атаандашы Терренс Митчеллди техникалык нокаут менен жеңди.

Рауль Росас 17 жашында UFC менен келишим түзгөн. Муну менен ал UFC тарыхында дебют жасаган эң жаш мушкер болуп калды.

Ал ушул жылдын апрель айында UFC'де экинчи беттешин өткөрүп, жыйынтыгында калыстардын бир добуштан чечими менен Кристиан Родригеске жеңилип калган.

Дал ушул жеңилүүдөн кийин ал машыгуу сборун өтүү үчүн Кыргызстанга келген.

Рауль Росас Кыргызстандагы машыгуусунан кийин жеишке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан