Борбор калаанын Биринчи Май районунда балдар жана чоңдор арасында шахмат боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 23-сентябрда саат 10:00дө Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги "Шахмат аллеясында" уюштурулат.
Турнир Швейцария системасы боюнча ФИДЕ эрежеси боюнча 7 раундда өтөт, биринчиден баштап убакытты көзөмөлдөө 10 мүнөт+5 секундду түзөт.
Жеңүүчүлөр топтолгон упайлардын саны боюнча аныкталат, бирдей болгон учурда эң начар натыйжасыз кыскартылган коэффициент жана жалпы Бухгольц коэффициенти, кара түстөгү оюндардын саны эске алынат.
"Орундар чектелүү, 6 жаштан 17 жашка чейинки 16 катышуучуга, 18 жаштан жогору 18 катышуучуга гана уруксат берилет",- деп айтылат маалыматта.
Ал эми катышууну каалагандар болсо саат 9:00дөн 18:00гө чейин 0702 493 993, 0990 312 345 телефондору аркылуу т билдирме тапшыруусу керек.