Бүгүн, 19-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.
Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштады. Анда ал румыниялык Каталина Аксенте менен кез келип, атаандашын биринчи бөлүктө эле 11:0 эсеьинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Муну менен Айпери Медет кызы 1/8 финалга чыктын. Ал жактан Айпери Медет кызы германиялык жана колумбиялык балбан кыздардын жеңүүчүсү менен кез келет.