Күрөш: Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты

Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда 76 килограмм салмак категориясында килемге чыккан Айпери Медет кызы 1/8 финалда Анастасия Зимянкованы утту. Муну менен спортчу аталган мелдештин чейрек финалына чыкты.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык балбан буга чейин 1/16 финалда румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде уткан. Экинчи беттешинде кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту.

Чейрек финалда Кыргыз спортчусу Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келет.

Күрөш: Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан