Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
Жарым финалда Айпери Медет кызы колумбиялык Татьяна Рентерия менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.
Муну менен Айпери Медет кызы "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утту. Бул Кыргызстандын алгачкы лицензиясы.
Финалда Айпери Медет кызы япониялык балбан менен кез келет.