UFC мушкери Валентина Шевченко Грассо менен болгон беттешинен кийин Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Шаирбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирди.
"Менин Пенсильвания, Чикагодогу кымбаттуу мекендештериме, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Эмил Жамгырчиевге мени колдоо үчүн учуп келгенине рахмат", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Шевченко.
17-сентябрда Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен реваншка чыгып, ал тең чыгуу менен аяктады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Грассодо калды.