Белград: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова баштаган үч кыргыз балбаны килемге чыгат. Атаандаштар кимдер?

Бүгүн, 20-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күндүк беттештери орун алат.

Бүгүнкү беттеште 53, 62, 68 жана 72 килограмм салмакта кыз-келиндер күрөшү өтөт жана бүгүн 3 кыргыз балбан кыздары килемге чыгат.

62 килограммга чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова чыгат жана ал алгачкы жүрүшүн 1/16 финалдык баскычта баштайт. Андагы Тыныбекованын атаандашы Польшадан келген Александра Волчинская болот.

Ал эми 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова ушундай эле этапта перулук Янет Соверо Нино менен беттешет.

72 килограмм салмак ченинде Нурзат Нуртаева 1/8 финалга чыгуу үчүн япониялык Мива Морикава менен беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан