Бүгүн, 20-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланууда.
Дүйнө чемпиондугуна 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштады. Анда ал польшалык Александра Волчинская менен кез келип, беттеш бүтөрүнө бир мүнттөн ашык убакыт калганда атаандашынын далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалга чыкты. 1/8 финалда Тыныбекова молдовалык Мариана Чердивара менен кез келет.