Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
Жарым финалда Айсулуу Тыныбекова германиялык Луиза Ниемеш аттуу балбан кыз менен кез келип, оор беттештин аркасында аны 4:2 эсебинде жеңди.
Финалга чыккандыгына байланыштуу Айсулуу Тыныбекова эмдиги жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утту.