Швейцарияда бетти жапкан кийим кийүүгө тыюу салынды

Швейцария парламенти бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, кабыл алынган мыйзамда хиджаб кийүүгө да тыюу салынган. Буга чейин мындай демилгени калктын басымдуу бөлүгү колдоп келген.

2021-жылдын февраль айында элдик добуш берүү болуп, анын жыйынтыгында Швейцариянын калкынын 51 пайызы бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салуу үчүн добуш берген. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мыйзам бузуу үчүн айып пул 1 миң франкка (1116 доллар) чейин болушу мүмкүн.

Bloomberg белгилегендей, Швейцариянын Элдик партиясы тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Исламдык кыз-келиндер тобунун басма сөз катчысы Инес аш-Ших мындай мыйзамды сынга алган. Анын айтымына караганда, аталган өлкөдө паранжа кийген 30га жакын гана аял бар.

Өлкөнүн юстиция министри Карин Келлер-Суттер референдумдун жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, Федералдык кеңеш жана Швейцария парламенти бетти жапкан кийимдерге тыюу салууга каршы экенин белгиледи. Ал кошумчалагандай, чектөө штатта жашаган мусулмандарга багытталган эмес.

Эске салсак, акыркы учурларда бир нече өлкөдө паранжа же никаб кийүүгө каршы чыккан мыйзамдар сунушталууда. Буга чейин Өзбекстанда да ушул сыяктуу маселе талкууланган. Ал эми 7-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдө паранжа кийүүгө тыюу салуу маселесин көтөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alina_19
2023-09-21 16:26:00
Аял биринчи кезекте сулуу, жаш, келбетүү көрүнүшү керек. Аял өзүнө кам көрө баштаганда, айланасында ага кам көрө турган адамдар болот.  Ал эми бети башын хиджаб оронуп чумконуу коомдук жашоодо созсуз кыздарды басынтууга жол ачат.
0
Рахманбек
2023-09-21 17:17:00
Туура чечим, алар билет экенда, бакыт паранжанын ичинде эместигин. азыр современный жашаш керек, ар бир адам озуну бактылуу алып журуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан