Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад облусундагы "Кербен" аэропорту ишке кирет (сүрөт)

Жакында Жалал-Абад облусундагы "Кербен" аэропорту ишке кирет. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалым болгондой, "Кербен" аэропорту Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары үчүн аба каттамынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өлкөнүн түштүк аймагындагы туризмди өнүктүрүүгө жана элдин жол көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

Ага ылайык, оңдоо иштеринин жүрүшүндө учуп-конуу тилкесинин туурасы 15 метрге кеңейтилип, учурда 35 метрди түзүп, RJ-85 үлгүсүндөгү учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1740 метрге жетип, учактарды күндүз кабыл алууга шарт пайда болду.

Кошумчалай кетсек, "Кербен" аэропортун куруу 1976-жылы башталып, 1980-жылы биринчи учак конгон. Акыркы учак 2007-жылы конгон, андан кийин аэропорт ишин токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан