Өзбекстанда курамында йод бар "Антиструмин" дарысын ичип, ооруканага кайрылган балдардын саны 600дөн ашты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, уулануу фактылары Ташкент, Наманган жана Анжиян облустарында катталган.
Өзбекстандын бала бакчаларында жана мектептеринде йодизация программасы 20-сентябрда башталган. Ага ылайык, Өзбекстанда ар шаршемби сайын өлкөнүн бардык аймактарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына жана мектеп окуучуларына бекер йод препараттары берилет.
22-сентябрда, тагыраагы программа башталгандан эки күндөн кийин Наманган облусунун Чуст районунда балдардын массалык ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тараган. Бейтаптарда дене табынын көтөрүлүшү, ичтин оорушу, кусуу жана диарея байкалган. Дарыгерлер бейтаптарга уулануу деп алдын ала диагноз коюшкан.
Алгачкы маалымат боюнча 70тен ашык бала бакча жана мектеп окуучулары медициналык мекемелерге кайрылышкан. Бирок 23-сентябрда республиканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова Наманган облусунда эле ооруканага 450 бала жаткырылганын билдирген. Алардын арасынан 149 бейтап үйүнө чыгарылган.
Ушул эле күнү жергиликтүү басылмалар Ташкентте 160 бала ооруканага жаткырылганын жазып чыгышкан.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мектеп окуучуларынын жана бала бакчадагы балдардын массалык уулануусу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Ошондой эле балдардын массалык уулануусу тууралуу маалымат тарагандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги "Антиструмин" дарысын колдонууга тыюу салды.