Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарында Кыргызстанга тарыхый жеңиш алып келгенден кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
"Аллахыма чексиз щугур! Кыргыз элиме чоң ыраазычылык билдирем! Бул тарыхый жеңиш бир гана меники эмес, бүткүл Кыргызстандыкы! Баарыңыздарга чоң рахмат", - деп жазды ал.
Эрлан Шеров Азия оюндарына 90 килограмм салмакка чейин катышты. Анда ал Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келген. Бул Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарында дзюдо боюнча алгачкы алтын медалы болуп калды.