Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды, Бул туралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Б. Ж. аттуу калаа тургуну "Э.", "Н.," жана "Ж." аттуу чала тааныш жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Жабырлануучу алар 2022-жылдын май айында мамлекеттик кызматка ишке орноштуруп берем деп 5 миң долларын алдап алып, из жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1955-жылы туулган Т.А. жана 1974-жылы туулган Д.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу жайга киргизилди.
"Шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ жарандардан төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(703) 333 201 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.