Азербайжан Карабахтагы армяндарды каттоо башталганын жарыялады

Азербайжан бийлиги Тоолуу Карабахтагы армениялыктрадын укуктук статусун аныктоо үчүн каттоо башталганын жарыялады. Бул тууралуу Азербайжан президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Карабахта жашаган армян калкынын Азербайжан коомуна туруктуу реинтеграциясын камсыз кылуу максатында аймактагы социалдык, гуманитардык, экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча жумушчу топко бул адамдардын укуктук статусун аныктоо боюнча тапшырмалар берилген.

Арыздарды кабыл алуу жана каттоо процесси Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан онлайн режиминде жүргүзүлөт.

Буга чейин Баку Карабахьагы армяндарды жашаган жерин таштап кетпөөгө, анын ордуна Азербайжан коомунун бир бөлүгү болууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан