Гарри Поттерде Дамблдордун ролун аткарган актёр Майкл Гэмбон каза болду

Актёр Майкл Гамбон 82 жашында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кечээ, 28-сентябрда билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Майкл Гэмбон "Уйкулуу көңдөй" ("Сонная лощина"), "Падыша сүйлөп жатат" ("Король говорит"), "Асман капитаны жана эртеңки дүйнө" ("Небесный капитан и мир будущего"), "Илаянын китеби" ("Книга Илая"), "Омен", "Эмма" жана "Кингсмен: Алтын шакек" ("Kingsman: Золотое кольцо") тасмаларында роль жараткан.

Бирок Дамблдордун ролу ага эң чоң атак-даңкты алып келди: "Гарри Поттер жана Азкабан туткуну" ("Гарри Поттер и узник Азкабана") тасмасынын үчүнчү бөлүгүнөн баштап Гамбон Хогвартс сыйкырчылык мектептин жетекчисинин ролун ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан