Испаниянын атактуу "Барселона" клубу жоюлушу мүмкүн

Каталондук "Барселона" клубунун мурдагы жетекчилери паракорлукка айыпталып, клуб оор абалга кептелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, клубга, анын ичинде клубдун өзүнө жана анын мурдагы президенттери Хосеп Бартомеу менен Сандро Роселге паракорчулук боюнча айып тагылган. Айыптарды калыстардын техникалык комитетинин мурдагы вице-президенти Хосе Мария Негрейра жана анын уулу да угушту. Болжолдуу кылмыш учурунда Негрейра мамлекеттик кызматкер болгон, бул абалды ого бетер курчутат.

Британиялык The Telegraph басылмасы өзүнүн материалында Барселонанын дүйнөнүн футбол картасынан жок болуп кетүү чегине жетиши мүмкүн деп жазат.

"Күнөөсү далилденсе, кылмышкерлер 3 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылат. "Барселонанын" өзү профессионалдык футбол клубу катары иштөөдөн убактылуу четтетилиши мүмкүн, бул 124 жаштагы клубдун банкрот болушуна алып келет", - деп айтылат материалда.

Белгиленгендей, "Барселонанын" кредиторлорго чоң карызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан