Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Филиппин менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Кыргыз курамасынын окуу-машыгуу жыйыны 4-октябрда Бишккте башталат. Андан кийин "Ак шумкарлар" окуу-машыгуу жыйынды Бахрейнде улантат.
Анын алкагында Кыргыз курамасы 12-октябрда Бахрейн жана 15-октябрда Филиппинге каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.
"Ак шумкарлардын" кеңейтилген курамы жакын арада жарыяланат.