Автоспорт боюнча Азия жана Тынч океан чемпиондугунун жеңүүчүлөрү Кыргызстанга келди

Автоспорт боюнча Азия жана Тынч океан чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн "Манас" аэропортунан тосуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Манас” эл аралык аэропортунда мотоспорт боюнча Азия жана Тынч океан чемпиондугунда жеңишке жеткен кыргызстандык спортчуларды жана алардын машыктыруучусун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Олимпиадалык эмес оюндар боюнча дирекциянын директору Эркинбек Уметалиев, күйөрмандар, спортчулардын жакындары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.
Ага ылайык, 1-октябрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн “картинг слалом” дисциплинасында 1-орунга Улукбек Байзаков чыгып, алтын медаль камсыздаган.
Бул дисциплина боюнча жарышка 15 өлкөдөн 19 адам катышкан. Жарыш төрт турдан туруп, сегиз этапта өткөн. Байзаков бардык этаптарда алдыда болду.
Ошондой эле Акылбек Өмүракунов менен Артем Исакжанов 14 өлкөдөн 28 учкуч катышкан "джимхана" дисциплинасы боюнча жуптук жарышта коло медалга ээ болушту.
Белгилей кетсек, автомотоспорт боюнча Кыргызстандын курама командасы өлкө тарыхында биринчи жолу Азия чемпиондугуна катышты.
Мелдешке 27 өлкөнүн курама командалары катышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан