Бишкекте BMW унаасынын айдоочусу мас абалында Honda Fit унаасын сүзгөн. Бир адам каза болду (видео)

Бүгүн, 3-октябрга караган түнү Бишкекте жол кырсыгы катталып бир адам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, кырсык саат 01:30 чамасында Бишкектеги Достоевский көчөсүндө болгон.

"3-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында 1995-жылы туулган айдоочу Ж.Т. БМВ-335 үлгүсүндөгү унаасы менен Достоевский көчөсүнөн түштүктү көздөй бара жатып ошол эле багытта бара жаткан Хонда-Фит унаасы менен сүзүшкөн.

Натыйжада Хонда-Фит унаасынын айдоочусу М.Ж. алган жаракатынан улам каза болгон", - деп жазылат билдирүүдө.

Унаалар айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

"Жол кырсыгына БМВ унаасынын айдоочусу ашыкча ылдамдыкта айдаганы себеп болгон. Ал мас абалында экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

BMW унаасынын айдоочусу мас абалында Honda Fit унаасын сүзгөн. Бир адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан