Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи Май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү 52 дарегинде жайгашат.
Жер участогунун жалпы аянты 2,161 гектарды түзөт.
"Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси, балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган. Сметалык наркы 101 миллион 393 миң 714,7 сом. 2023-жылга 6 миллион сом каралган", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган:
www.zakupki.gov.kg