Биз социалдык тармакта

“Жылдын мыкты мугалими” сынагынын республикалык этабы башталды

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарында 2022-2023-окуу жылындагы "Мыкты мугалим", "Мыкты тарбиячы" жана "Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим" наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, республикалык этап эки баскычты камтыйт, анда облустук этаптын жеңүүчүлөрү сынактык сабактарды сунуштайт, тесттик тапшырмаларды аткарып, педагогикалык чеберчилик боюнча бет ачарды тартуулап, педагогикалык кырдаалды чечүү боюнча тренингдерге катышышат.

Сынактын республикалык этабын салтанаттуу жыйынтыктоо 5-октябрда саат 12:30да "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан