Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым жеринде жаратылыш газы өчүрүлөт

"Бишкекгаз" шаардык газ кызматы 4-октябрдан 6-октябрга чейин Бишкектин Горький көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө пландык оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Медеров, Кулатов, Абай, Каракульский көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан