
Талас облусунун Талас-Нылды-Покровка унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Кабарлангандай, план боюнча унаа жолдун 3 чакырым аралыгына төшөлөт. Учурда жолдун 500 метрге жакын тилкесинде иштер бүттү.
Жолду асфальттоо иштерин "Кыргызавтожол" МИнин Талас филиалынын №19 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.