Биз социалдык тармакта

Алымкадыр Бейшеналиев Камчы Көлбаевди кармоо болуп жаткан жерге эмнеге барганын айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Камчы Көлбаевди кармоо операциясына барганы тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына тастыктады.

Министр менен байланышканыбызда, ал жерге "Тез жардам" кызматтарын камсыздоо үчүн барганын билдирди.

"Мен ал жерге "Тез жардам" кызматтарын камсыздаш үчүн эле баргам. Бирок ал жерден тез эле кетип калдым. Ал эми каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалыматым жок", - деди министр.

Буга чейин интернет тармагында крим төбөл Камчыбек Асанбекти кармоо операциясы Бишкектин Ибраимов-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Учкун" басмаканасынын аймагында жүргүзүлүп жатат деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ma2as
2023-10-04 19:32:00
Министр болуп туруп , элди каратып туруп калпты келтирет - каза болгондор и жабыркагандар боюнча маалыматым жок деп .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан