Грозный соту Волгоградда Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу Никита Журавлдин ишин 9-октябрда карайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Журавлге Орусиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги 148-берененин 2-бөлүмү боюнча ("Коомду ачыктан-ачык урматтабастыгын билдирген жана динге ишенгендердин диний сезимдерин мазактоо максатында жасалган") жана 213-берененин 2-бөлүгү ("Бейбаштык, башкача айтканда, коомдук тартипти одоно бузуу, коомду ачыктан-ачык сыйлабастык, диний кастык ) боюнча айыпталууда.
Эске салсак, быйыл май айында 19 жаштагы Волгоград облусунун тургуну собордук мечиттин имаратынын жанында Куран китебин өрттөп салган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал Украинанын атайын кызматынын көрсөтмөсү боюнча иш алып барган.
Мусулмандардын ыйык китебинин өрттөлүшү коомчулукта катуу нааразычылыктарды жараткан. Чеченстандын борбору Грозныйда нааразычылык болуп, ага 60 миңдей адам катышкан. Көп өтпөй кылмыш иши козголгондон кийин айыпталуучу Чеченстанга которулган.
Ал эми 25-сентябрда интернет желесинде Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыровдун Журавлди бир нече жолу урган видео жарыяланган. Бул видеого байланыштуу интернет колдонуучулары соттолуучуну сабап коюу Орусиянын мыйзамдарына каршы келерин жазып чыгышкан.