Өзбекстандагы мектептердин биринде иштеген эне тили жана адабият мугалими Умида Муминова кесиптик майрамында окуучусунан өзгөчө белек алды. Ал керектүү эмеректер жана техникалар менен толук жабдылган эки бөлмөлүү батирге ээ болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Анын мурдагы окуучусу кыймылсыз мүлк сатуу жана үй куруу менен алектенип жүргөнү белгилүү болду. Мындан тышкары, ал мугалимдер үчүн жеңилдетилген шартта турак жай курууну пландап жатканы айтылат.
"Бул жерде жаңы үйлөр курулуп жатканын билип, кызыгып калдым. Таң калганым курулуш компаниясынын директору менин мурунку окуучум экен. Бир нече күндөн кийин мага телефон чалып, документтеримди калтырып коюшумду суранышты, анан бул белек экенин айтышты", - деди Умида Муминова.
Атын атабоону чечкен ишкер мугалими сабакты чын дили менен үйрөткөнүн белгилеген.
"Анын аркасында мен азыр ушул деңгээлге жетип отурам. Ал эми бардык мугалимдерге ыраазычылыгымды билдиргим келет, алар чоң урмат-сыйга татыктуу", - деген ал.